Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш инспекторго усулдук жардам берилди

       Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин Профсоюздук  билим  берүү  Борборунун  түзүлүшү биз  жаш  профсоюздук   кызматкерлер  үчүн өзгөчө  кубанычтуу  болду.  Борбор  тарабынан берилип  жаткан   усулдук  материалдар  профсоюздук  ишибизге  чоң  жардам  болууда.  Борбордун  жетекчиси  А.Айдаров 2017-жылдын  16-декабрында Ноокен  райкомунда болуп, усулдук күн  өткөрдү.

       Анда  биз   “Макулдашуулардын түзүлүшү  жана  аткарылышын камсыздоонун   жолдору”, “Мектепке   чейинки  билим  берүү  уюмдарында  эмгекти  коргоо  жана  коопсуздукту   камсыздоо” темалары  боюнча жардамдарды  алдык. Бул  иш-чара райБББнун  мектепке  чейинки  билим берүү  уюмдары  боюнча  адиси  Ү.  Шамаматова жана мен   үчүн жакшы усулдук  жардам  болду.                        

         Борбордун  ишине  ийгиликтерди   каалайбыз.

Материалды  даярдаган: Ноокен  райкомунун инспектору- Т.Бакиров.