Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш педагог - келечектин үмүтү

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 18-октябрына коюлган иш планына ылайык "Жаш адистерди педагогдун катарына кабыл алуу" иш-чарасын Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Токмок шаардык комитетинин төрайымы Жумалиева Дамира Рысбековна жана кесиптик бирликтин Чүй райондук комитетинин төрагасы Жекшенбек уулу Мезгилбектин колдоосунун негизинде өткөрдү. Ал салтанат "Жаш педагог - келечектин үмүтү" деген темада Токмок шаарындагы №12 орто мектебинде уюшулуп, 80 жаш адистер мугалимдик, тарбиячылык кесиптин алгачкы кадамындагы сезимдерин сахнада ачып берүү менен, келечектин ээлери болгон окуучуларыбызды талыкпай окутуу менен, билимдеринин жана билгичтиктеринин ырааттуулугун көрсөтүү үстүндө, мекенин сүйүүгө, урматтоого, толеранттуу болууга үндөөнүн негизинде ант беришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Чүй-Токмок райшаардык комитеттери