Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге өзгөчө мамиле

Баткен районунун билим берүү мекемелерине жаңыдан жумушка келишкен  жаш мугалимдер раймамдминистрацияга чакырылып,  акимдин кабыл алуусунда болушту.

Раймамадминистрациянын башчысы-аким К.Маркаев, акимдин орун басары К.Кыдырова,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов жаш мугалимдерди агартуу майданындагы алгачкы кадамдары, алгачкы кесиптик майрамдары менен куттукташып, келечектерине ийгилик каалашты.

Жаш мугалимдер жакшы ниет менен окуп алган билимдерин жаш мугалимдерди учурдун талабына ылайык окутуп, тарбиялоого  жана билим берүүнүн пайдубалын түптөп, мугалимдердин кийинки муундарына ыйык бойдон тартуулап келишкен тажрыйбалуу мугалимдердин жолун жоопкерчилик менен улантууга убада беришти.

Райадминстрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн райондук профсоюз комитенин ортосунда түзүлгөн үч тараптуу макулдашуунун негизинде жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишип, билим берүү мекемелеринде жаңыдан эмгек жолун баштаган 30, өткөн окуу жылында жумушка орношуп, иштөөнү улантып жатышкан 15  жаш мугалимдердин ар бирине  раймамадминистрациянын башчысы – аким К.Маркаев 500 сомдон,  райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Зайитов 1 000 сомдон акчалай сыйлыктары берилди. Мындан тышкары 30 жаш мугалимге райондук кесиптик бирлик комитетинин бюджетинен ар бири 420 сомдук усулдук китептер жана окуу куралдары салынган портфелдер тапшырылды.

Б.Абдыразакова

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Баткен райондук комитетинин жетектөөчү адиси