Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдер "Тренерлер үчүн тренинг" окуусуна катышышты

 

2021-жылдын 25-28-март күндөрү Жалал-Абад областына караштуу, Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районундагы жаш мугалимдерге "Тынчтык жана Өнүгүү Институту" IPD коомдук фонду тарабынан каржыланып, "Тынчтык куруучулар" долбоорунун алкагында регионалдык тренинг тренерлер үчүн (ТОТ) 4 күндүктү ийгиликтүү аяктады.

Тренингде симмуляциялык окуу методикасын колдонуу менен чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү, зордук-зомбулук жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири билимге ээ болдук.

 

Ноокен районунан Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун укук жана эмгекти коргоо инспектору Т.Бакиров, А.Сатаров атындагы №4 орто мектебинин уюштуруучусу Н.Парпиева, тарых мугалими М.Каюмова, №2 С.Ногоева атындагы орто мектебинин уюштуруучусу М.Абдисаматова, география мугалими А.Бакирова, Төрөгелдиев атындагы №7 орто мектебинин тарых мугалими Ж.Жапышова, башталгыч класс мугалимдери Р.Кошоева, З.Базарбаевалар катышып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

“Тынчтык жана өнүгүү Институту” коомдук фондуна жана анын Жалал-Абад облусундагы менторлору У.Уметовго, А.Караевага ыраазычылык билдиребиз.

 

 

Материалды даярдаган:
Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров