Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жардам көрсөтүлдү

2020-жылдын 28-декабрь күнү Өзгөн районунун билим берүү тармагынан Пандемия учурунда «Covid» жана «Пневмония» оорусуна кабылып, даарыланып чыккан 69 кызматкерге Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан матералдык жардам көрсөтүлдү.  Башкача айтканда 69 кызматкердин ар бирине – 3000 сомдон, ал эми Пандемия учурунда Пневмония оорусуна кабылып каза болгон 2 кызматкердин үй-бүлөөсүнө 10000 сомдон акчалай жардам берилди. Ош областтык профсоюз комитети тарабынан Ъзгън районундагы билим берүү кызматкерлерине  жалпы суммасы  - 227000 сомдук материалдык жардам көрөтүлдү.

Материалдык жардам алган кызматкерлер Ош областтык  билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетине өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Өзгөн РПК.