Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаратылыш койнунда эс алуу

Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан М.Мамбеталиев атындагы №7 гимназия-мектебинин мугалимдери Аксы районунда жайгашан Падыша-Ата коругуна барышып эс алып келишти.

Арча токойлору жана ыйык мазарлары менен белгилүү болгон Падыша-Ата коругунда эс алуу өзүнчө ырахат. Айлана тегерек арча токтойлору менен курчалып, аба таза жана тунук. Эс алууга келгендер арча жыттанган таза аба менен дем алганда адамдын жан дүйнөсү тазарып, жакшы маанайда калышат.

Жайкы эс алууга барып келүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов