Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ЖАРАТМАН” ЖЕТИ ЖАШТА

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Оштогу чыгармачыл, активист жаштардын башын бириктирип, иш алып барып жаткан “Жаратман” чыгармачылык борборунун 7 жылдык отчеттук кечеси болуп өттү.

Иш чара үч бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө Оштогу жаш чыгармачыл топтор ортосунда “Жаратман жети жашта” аттуу спорттук мелдеш уюштурулса, экинчи бөлүгүндө жети жашка толуп отурган борбордун алдындагы “Тирек” кол өнөрчүлөр клубунун көргөзмөсү коюлду. Ал эми үчүнчү бөлүмү салтанаттуу түрдө окуу жайдын чоң залында жетекчиликтин, коноктордун, өнөктөштөрдүн катышуусунда өткөрүлүп, анда чыгармачыл топтун “Жети жылда жети багыт” аттуу отчету, өнөктөштөрдү сыйлоо аземи жана уюштуруу тобунун майрамдык концерти тартууланды.

Аталган салтанат Жаратмандын түптөлүү тарыхын, иштөө максатын жана достуктун улуулугун чагылдырган сахналык көрүнүш менен башталып, жалпы көрармандарга өзгөчө маанай таартууланды. Андан соң институттун окуу иштери боюнча проректору К.Т.Раимбеков куттуктоо сөзгө чыгып, борбордун мааракелик кечеси менен кызуу куттуктоо менен топтун ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду. Мында проректор коомдогу жаштардын ордунун жогорулашына, окуу жайдын өнүгүшүнө, айылдан келген нукура тарбиялуу жаштарды туура багытка жол алышына жана ал жаштардын улуттук тарбия менен чыгармачылыкка суугарылышына зор салым кошуп келе жаткан борбор экенин баса белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап өттү.

Кеченин жүрүшүндө “Жаратман” тобу менен ушул жылдар аралыгында жакындан иш алып барып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан топторг, жеке ишкерлер, массалык маалымат каражаттары жана полиграфиялык борборлор уюштуруу тобунун атайын сыйлыктары болгон  “Мыкты өнөктөш” наамы жана атайын белектер менен сыйланышты.

Иш чара чыгармачыл топтун концерттик программасы менен коштолуп, катышуучулар үчүн өзгөчө талант ээлерининин өнөрлөру тартууланды.

Эскерте кетсек  “Жаратман” чыгармачылык борбору 2011-жылы ОГПИнин ректору, профессор Б.Б.Зулуевдин демилгеси менен жана ошол учурдагы Жаштар комитетинин төрагасы Т.Колдошовдун жетекчилиги астында окуу жайдын активдүү жаштарынан түзүлгөн. Борборго алгач 15 адам мүчө болгон болсо, азыркы учурда 200дөн ашык чыгармачыл жаштар мүчө.

Борбордун максаты – ар тараптан келген жаштардын башын бириктирип, улуттук тарбиянын негизинде алардын чыгармачылыгын өнүктүрүү болуп саналат.

 

Материалды даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу