Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУда майрам салтанаты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалимдер күнүнө карата майрамдык кече уюштурулуп, жылдын мыкты мугалимдери ЖАМУнун ректорунун  жана ЖАМУнун кесиптик кошундар комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошону менен катар профсоюз уюмуна мыкты кызмат кылган профсоюз мүчөлөрү областтык профсоюздар федерациясынын, областтык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ардак грамоталары менен сыйланышты. Кеченин көркүн ачкан улуттук оюн-зоокторубуздун бири болгон сармерден оюну көргөзүлүп майрамдык кеченин көркүн ачып турду.  Университетибиздин  жамааты бул менен гана чектелип калбастан, карыяларыбыздын да майрамын унутта калтырбай, ЖАМУнун ардактуу эс алуудагы жана талыкпай иштеп келе жаткан ардактуу мугалимдерибизди куттуктап, ак дастарконун жайып, өз сый-урматын көрсөттү.