Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУда алтын медаль!!!

ЖАМУнун профсоюз уюмунун атынан  ректорубуз  А.Б.Абдрашевди алтын медалы менен куттуктайбыз!

1998-жылы түзүлгөн Эл аралык илим жана маданияттын «Мустафа Кемаль Ататюрк» аталыштагы фонддун  алтын медалы менен Россия Федерациясынын президенти В.Путин, Казакстандын президенти Н. Назарбаев, дүйнөгө белгилүү жазуучубуз Ч.Т. Айматовдор сыяктуу белгилүү инсандар сыйланышкан сыйлык  менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору  саяс.и.д. профессор А.Б. Абдрашев  сыйланды.      Сыйлыкты фонддун биринчи вице-президенти тарых жазуучу профессор     А. Оморов  тапшырып,   А.Б. Абдрашев бул алтын медалды алгандардын тизмесинде жыйырманчы болуп катталгандыгын билдирип, илимге, билимге кошкон  үзүрлүү эмгеги үчүн XXI кылымдын мыкты ректору,  «Ардактуу академик» деп тандалгандыгын белгилөө менен   куттуктоо сөзүн  айтып, жалпы жамаатын алдында алтын медалды тапшырды.

Бул сыйлыкты жеке өзүнүн гана сыйлыгы эмес университеттин жалпы жамаатынын сыйлыгы катары кабыл алуу менен ыразычылыгын  билдирип, ЖАМУнун ректору А.Б.Абдрашев, “Алтын медаль” бизди дагы жаӊы жетишкендиктерге шыктандыраарын белгиледи .

  

 

ЖАМУнун профкому.