Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУ- интеллектуалдык келечекке даңгыр жол!

 95 жылдык кылымга тете түптүү тарыхы бар, аймактын жаңы муундагы билим берүүчү илимий жана маданий борбору болгон  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде “Ачык эшиктер күнү” өткөрүлдү. Бул иш чара облустун бардык мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн, университеттин бүтүрүүчүлөр ассосиациясынын мүчөлөрүнүн, ардактуу бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин жана мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусу менен кызыктуу жана маанилүү болду. Иш чарада окуу жайдын түптүү тарыхы, түзүлүү шарттары, өнүгүү жолу жана келечекке карай интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн  кеңири баяндаган видео роликтер көрсөтүлдү. ЖАМУнун бүтүрүүчүлөрү өз адистиктери боюнча кандай кызматтарда иштеп жаткандыктарын айтышып, билим, тарбия берген устаттарына ыраазычылыктарын  билдиришти. Аларга университеттин жетекчилиги тарабынан атайын эстелик дипломдор тапшырылды. ЖАМУнун жаштар комитети тарабынан окуу жайда студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, эл аралык акалемиялык мобилдик окуулар уюму  тууралуу далилдүү маалыматтар берилди. Ата энелердин, абитуриенттердин ой-пикир, чакырыктары угулду.  Аягында ЖАМУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан чоң программада концерт тартууланып, ЖАМУнун кабыл алуу комиссиясынын атайын буклеттери таратылды.

 

ЖАМУнун профкомунун президиумунун мүчөсү Н.Д.Баитова