Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жамааттык келишимдерди түзүү менен мугалимдерге камкордук көрүлөт

Кадамжай райондук профсоюз комитетинин иш планына ылайык 2015-жылдын 6-майынан  14-майына чейин Кадамжай районунун Айдаркен, Ак-Турпак, Халмион, Кадамжай,  Марказ, Үч-Коргон аймактарында мектеп директорлору, профсоюз комитеттеринин төрагалары катышкан окутуу семинарлары өткөрүлдү. Бул семинарларга жалпысынан 80 директор, 81 профсоюз комитеттеринин төрагалары, райБББнун башчысы, адистери жана областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Ботоков катышышып жамааттык келишимдин тузулушу мааниси  жонундо кеӊири талкуу болду. 2015-жылдын 25-августуна чейин келишимдерди кайра карап чыгуу жагы сунушталып колдоого алынды.

Кадамжай райондук профсоюз комитетинин

 уюштуруу иштери боюнча адиси                                             А.Момошев