Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жамааттык келишим – социалдык комкордуктин кепилдиги

      Ушул жылдын 14-июнунда Ош мамлекеттик университетинин жалпы структураларынын, т.а., эмгек жамааттарынын өкүлдөрү катышкан Окумуштуулар Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Күн тартибиндеги маселелердин катарында ОшМУнун ректораты менен профсоюз комитетинин ортосунда 2016-2019-жылдарга карата түзүлгөн эки тараптуу Жамааттык келишимин кабыл алуу каралды.                                                                               

       Алгач бул маселе боюнча сөздү ректор, профессор К.Исаков алып, Жамааттык келишимдин бул жаңы вариантын иштеп чыгуу үчүн эки тараптуу жумушчу түзүлүп, андан бери сүйлөшүүлөр дээрлик 4-5 айга созулуп, бирок жыйынтыгында компромистүү, конкреттүү программалар киргизилген, эки тарап тең ынанган, эң негизгиси жамаат мүчөлөрү болгон баардык звенолордогу кызматкерлердин, докторанттардын, аспиранттер менен магистранттардын жана студенттердин кызыкчылыгындагы жакшы социалдык пакет, же мыйзамдуу документ иштелип чыккандыгын айтып, аны кабыл алууну сунуш кылды.                                                                                            

        Университеттин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы, доцент А.Аккулов буга чейинки жана өтүп бараткан окуу жыл ичинде да ОшМУнун  ректораты менен профсоюз  комитетинин  ортосунда 2012-2015-жылдарга карата кабыл алынган Жамааттык Келишимде көрсөтүлгөн эки тараптуу милдеттер негизинен толук аткарылгандыгын белгиледи. Ушул документти жетекчиликке алуу менен социалдык өнөктөштүк багыттагы иштердин жыйынтыгында ОшМУнун профсоюз комитети 2012-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамотасына, окуу жайыбыздын ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук комитетинин ЖОЖдор арасындагы “Мыкты социалдык өнөктөш – 2012” конкурсунда 1-орунга, 2013-жылы Ардак Грамотасына ээ болгондугуна, ошондой эле, 2015-жылдын жыйынтыгы менен тармактык профсоюздун Ош областтык комитетинин “Мыкты социалдык өнөктөш” жана “Мыкты профсоюздук комитет” конкурстарынын баш байгесин алууга жетишкен ийгиликтерге токтолду.                       Ал эми 2016-2019-жылдарга карата жаңыдан түзүлүп, кабыл алууга сунушталып жаткан бул Жамааттык Келишимде мурдагыдан айырмаланып, эмгекти коргоо жана анын кепилдиктери, кошумча эмгек өргүүлөрдү берүү, контракттык негизде окуп жаткан студенттерди профсоюзга мүчөлүккө кабыл алуу, алардын контракттык төлөмдөрүнүнүн эсебинен түшө турган мүчөлүк акылардын өлчөмү жана профсоюзга которуунун тартиби, муктаж кызматкерлер үчүн социалдык турак-жай куруу, ипотекалык турак-жайларды алууга көмөктөшүү, эмгек акыларды жана материалдык колдоолорду индексациялоо ж.б.у.с. мазмундуу өзгөртүүлөр киргизилгендигине токтолду.      

         Жамааттык Келишимдин мыйзам катары орду жана мааниси, андагы  көрсөтүлгөн эки тараптуу милдеттердин соңку жылдар аралыгындагы Ош мамлекеттик университетинде аткарылышы жана жаңы мөөнөткө карата кабыл алына турган вариантында белгиленген максаттар, кепилдиктер жана милдеттер туурасында  талкууга экономика жана финансы проректору, доцент Т.Эркебаев, УИАнын мүчө-корреспонденти, Бизнес жана менеджмент факультетинин профессору П.Купуев, Эл аралык мамилелер факультетинин деканы, профессор А.Низамиев, финансы-юридикалык колледжинин директору, доцент Т.Акматова, Педагогика-психология борборунун директору, доцент А.Батыралиев, профкомдун текшерүү комиссиясынын төрагасы М.Рысбаев, юрист У.Суеркулов ж.б. чыгып сүйлөшүп, аны кабыл алуу сунушун бир добуштан колдошту.                                                                                                      

        Ошентип жалпы жыйындын катышуучуларынын колдоосуна ээ болуп, ОшМУнун ректораты менен профсоюз комитетинин ортосунда 2016-2019-жылдарга карата түзүлгөн эки тараптуу Жамааттык келишими окуу жайыбыздын ректору, профессор К.А. Исаков жана профсоюз комитетинин төрагасы, доцент А.У. Аккулов тарабынан салтанаттуу түрдө кол коюлуп, кабыл алынды.

                                    Ошмунун пресс-катчысы З.Нуралиева