Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад обкомунун кеңейтилген президиуму болуп өттү

2021-жылдын 20-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кеңейтирилген отуруму болду. Анда президиум мүчөлөрү, райшааркомдордун төрагалары, обкомдун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Күн  тартибинде төмөнкү  маселелер каралды:

1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад   облустук  комитетинин 2021-жылдын 16-апрелинде онлайн  форматында өткөрүлгөн президиумунун  токтомдоруна  өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор  киргизүү  жөнүндө.

2. “Профсоюз жөнүндөгү” мыйзам  боюнча кайрылуу  кабыл   алуу тууралуу.

3. Ар түрдүү маселелер.

Президиум отуруму күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алды.

 

Маалыматты даярдаган: обкомдун инспектору А.Айдаров