Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абаддыктар ийгилик менен кайтышты

     Жакында Ысык-Көлдө “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаториясында билим берүү кызматкерлеринин Республикалык “Ден соолук – 2018” спартакиадасы болуп өттү.

      Бул спартакиадага Жалал-Абад областынан эркектердин жана аялдардын волейбол командалары, шахматисттердин командасы катышып, эркектердин волейбол командасы 3-орунду, аялдардын волейбол командасы 1-орунду, шахмат боюнча команда 2-орунду ээлешип, тийиштүү дипломдор жана кубоктор менен сыйланышып кайтышты. Белгилеп коюучу нерсе областтык команданын негизги өзөгүн Сузак районунун билим берүү кызматкерлери түзүштү, спортсмендердин сапар чыгымдары профсоюздун Жалал-Абад обкому жана Сузак райкому тарабынан каржыланды.