Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абадда профсоюздук эл аралык семинар болуп өттү

2018-жылдын 15-17-май  күндөрү “Буткул дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө  “карата”  Мажбурлоо эмгеги, балдардин  эмгеги, адам  соодасы багытында эмгек  боюнча  техникалык  инспекторлордун  ишмердиктеринин потенциалдарын күчөтүү” темасындагы эл  аралык  семинар Жалал-Абад  шаарындагы “Жалал-Абад”  санаториясынын чогулуштар  залында  болуп  өттү.

          Эл  аралык  семинарга Кыргыз Республикасынын Профсоюздар  Федерациясынын  төрагасынын орун  басары  Бабаева Р.Б, Эл аралык  Эмгек  Уюмунун  өкүлү Курбанова А.,Өзбекстан Профсоюздар Федерациясынын делегациясы курамында: Федерациянын эмгекти  коргоо бөлүмүнүн башкы  адиси Дадажанов Нурулла Садикжанович, медицина  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Республикалык Кеңешинин эмгекти  коргоо боюнча  башкы  адиси Алиев  Зафар  Ганиевич, Андижан облустук  профсоюздук  уюмдардын бирикмесинин эмгекти  коргоо  бөлүмүнүн башчысы Азимходжаев Музаффар Позилдинович, Самарканд облустук  профсоюздук  уюмдардын бирикмесинин эмгекти  коргоо  бөлүмүнүн  башчысы Каримов  Усмон  Кучкарович, КПФнын,республикалык , облустук комитеттердин эмгекти  коргоо  боюнча башкы техникалык инспекторлору, профсоюздун Жалал-Абад Облустук Кеңешинин төрагасы Жусмаматов З.Ж, тармактык обкомдордун  төрагалары  катышышты.

     15-май  күнү   Эл  аралык семинардын башталышында  катышуучуларды  КПФнын  төрагасынын  орун  басары Бабаева Р.Б, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад  облусунун  ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн социалдык  бөлүмүнүн  башчысы Сансизбаева А.С.,Өзбекстан делегациясынын  башчысы Дадажанов Н.С., Эл аралык  Эмгек  Уюмунун  өкүлү Курбанова А.,Жалал-Абад  ОПКнын  төрагасы  Жусмаматов З. куттукташып, семинардын  ишине  ийгиликтерди   каалашты.

        Семинар 16-май   күндүн  биринчи  жармында  жыйынтыкталып, катышуучулар ой-пикирлерин,  сунуштарын айтышып, семинардын  уюштуруучуларына ыраазычылыктарын  билдиришти.

       Түштөн кийин семинардын катышуучулары “Жалал-Абад” санаториясы жана “Кыргызнефтегаз” ААКнун ишканалары,  социалдык мекемелери  менен жакындан  таанышышты.

         17-май  күнү Өзбекстандык делегация Арстанбаб-Ата туристик  базасы  жана Арстанбап пансионаты менен  таанышып, туристик багыттагы  иштерди  уюштуруу  боюнча тажрыйбалар  алмашышты.

Материалды  даярдаган: Семинардын  катышуучусу, Жалал-Абад обкомунун  инспектору  А.Айдаров.