Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарынын карыялар күнүнө карата областтык Барпы театрында майрамдык кече өткөрүлдү

     Жалал-Абад шаарынын  ардагерлердин   1-октябрь  - Карыялар  күнү жер-жерлерде  салтанаттуу белгиленди.  Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчы,чоорчу жана кыякчылары эже-агайларга ыр десте сунуп, мугалимдерге жана ардагерлерге майрамдары менен куттукташып өз өнөрлөрүн тартуулашты.

      Билим берүү кызматкерлерине  майрамдык  маанай  тартуулангандан соӊ  шаарыбыздын мэри С.Авазов, шаардык депутаттар кеӊешинин төрагасы Э.Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Ы.Калчаев,билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы З.Тургунбаевалардын  катышуусунда    билим берүү мекемелеринде көп жылдан бери эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан   ардагер мугалимдерге    шаардагы   Демир Банк, Росинбанк, АКБ, ККИБ банктары  тарабынан  акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. 

       Ар бир билим берүү мекемелеринде да карыяларды урматтоо, сыйлоо иретинде октябрь  ай ичи  «айлык» жарыялангандыгына байланыштуу    жыйналыштар,түрдүү иш чаралар  өткөрүлүшү  менен  окуучулар жана мектеп жамааттары   тарабынан жолугушуулар уюштурулууда.  

 

Билим жана илим  кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети