Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад  шаардык комитети 2016-жылды сергек жашоо мүнөзү  менен баштоого багыт алды.                    

   Жыл сайын билим берүү бөлүмү менен шаардык комитети кышкы каникул мезгилинде  профсоюз мүчөлөрүнүн арасында волейбол, шахмат, стол үстүндөгү тенниси, тогуз коргоол  боюнча спорттук оюндарды уюштуруп өткөрүп келүүдө. Быйылкы жылы бул иш чара  шаарыбыздагы Ж.Бакиев атындагы  № 3 орто мектебинде жана № 4 орто мектебинде өткөрүлдү. Жобого ылайык 44 башталгыч уюмдардын ичинен 1 команда топтоо менен областтык деӊгээлге чыгаруу иштери жүргүзүлдү.  Волейбол  боюнча  аялдар жана эркектер командалары оюнга катышышты. Оюн олимпиадалык тартипте өткөрүлүп,калыстар тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылды. Жыйынтыгында волейбол боюнча   эркектер командасынан 1-орунга Тайгарев зонасына караштуу,2-орунга Спутник зонасынан,3-орунга шаардын борборунда жайгашкан  мектептерден түзүлгөн командалар ээ болушту.   Ал эми аялдар командаларынан  1-орунга Т.Кошматов атындагы№10  , 2-орунга № 4 мектеп-гимназияларынын, 3-орунга  №16 орто мектебинин кыздар командасы  татыктуу болушту.

  Тогуз коргоол  боюнча эркектер командасынан 1-орунду №18 орто мектебинин мугалими Исмаилов М, 2-орунду №10 мектеп-гимназиясынын мугалими Азимбаев М ,3-орунду №19 орто мектебинин мугалими Укенбаев М жана № 9 мектеп-гимназиясынын мугалими  Азимов Азаматтар камсыз кылышты. Ошондой эле  аялдардын арасынан №21 орто мектебинин мугалими Абдисамат кызы Н. 1-орунга ,№1 мектеп-гимназиясынын мугалими Кыязова Г 2-орунду, №18 орто мектебинин мугалими Култаева Г.   ээлешип, өздөрүнүн мыкты көрсөткүчтөрүн көрсөтүштү.

   Мындан сырткары  спорттун дагы бир түрү шахмат боюнча билим берүү кызматкерлери өздөрүнүн күчтөрүн сынап көрүштү. Жыйынтыгында 1-орунга №14 мектеп-лицейинин мугалими Жусупов Ж, 2-орунга № 7 орто мектебинин мугалими Ирзаев М,3-орунга №18 жана №3 орто мектептеринин мугалимдери ээ болушту. Аялдар командасынан №10 мектеп-гимназиясынын мугалими 1-орунга, №7 орто мектебинин мугалими Исраилова С 2-орунга,№5   жана №4 мектеп-гимназияларынын мугалимдери  Лиценко ,Шабановалар 3-орунга татыктуу болушту.   Билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан   жеӊүүчүлөр Ардак Грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.