Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад санаториясында «Балдарды Коргоонун Эл аралык күнүнө» карата иш-чара өткөрүлдү

      2016-жылдын  1-июнунда  «Жалал-Абад» санат ориясында    «Балдарды  Коргоонун  Эл  аралык    күнүнө»   жана   санаториянын  жайкы  эс  алуу  сезонунун  ачылышына  карата  эс алуучулардын   катышуусунда иш-чара  болуп  өттү. Иш-чараны  санаториянын  директору  М.Д. Абышкаев  ачып,  катышуучуларды   жана  эс  алуучуларды   «Балдарды н Коргоонун  Эл  аралык    күнү»   майрамы  жана   санаториянын   жайкы  эс  алуу  сезонунун  башталышы  менен   куттуктап,  жамаатка   ийгиликтер  каалады. Иш-чарада  санаториянын  жамааты  3   командаларга бөлүнүп: 1-администрациянын, 2-  медицина  кызматкерлери «Кыз-Булак»,  кызмат  көрсөтүүчүлөрдүн  «Техника»  командалары ортосунда   атайын    Жобонун   негизинде   кароо-сынак  өткөрүлүп,  анда  «Тарых жана  маданият»   жылына  карата  тарыхтан   үзүндүлөр,   көргөзмөлүү  чыгыштар,   ырлар,   бийлер,  сатыралык  көрүнүштөр   берилди.  Иш –чараны  эс  алуучулар  жана  меймандар   тарабынан  кол  чабуулар   мененн   колдоп  турушту.  Балдарды  коргоо  боюнча    медайым   Жылдыз  Жайчыеванын   ыры  катышуучулардын  алкышына    татыды. Жыйынтыгында  1-орунду  медицина  кызматкерлери «Кыз-Булак»  командасы  ээлеп   он  миӊ  сом, 2-орунду администрациянын командасы  ээлеп  беш миӊ  сом,  3-орунду  техника  командасы  ээлеп  үч  миӊ  сом   жана   мыкты   аткаруучуларга  500  сомдон  жеке  сыйлыктар  тапшырылды.  Иш-чара   эс   алуучуларга  жагымдуу   маанай  түздү.   Санаториянын  директору  мындай  иш-чаралар    жамааттын  ортосунда  системалуу   уюштурулушу  жөнүндө  жана   жамаатты  эс  алуу   үчүн  Ыссык-Көлгө   жөнөтөрүн  билдирди.

   Санаторияда эс алуучулар  үчүн жакшы  шарттар  түзүлгөндүгүнөн  бардык  эс  алуучулар   өздөрүнүн  ыраазычылыктарын билдиришти.  Санаториянын  жамаатынын  ишине  ийгиликтерди   каалашты.

Материалды  даярдаган,  Билим,илим  профсоюзунун  Ноокен  райондук  комитетинин   укук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  тескөөчүсү-А.Айдаров.