Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областындагы кыргыз тили жана адабият предметинин иш тажрыйбаларын үйрөнүү жана жайылтуу боюнча Токтогул районунда областык семинар болуп өттү

Жалал-Абад областындагы кыргыз тили жана адабият предметинин иш тажрыйбаларын үйрөнүү жана жайылтуу боюнча  областагы кыргыз тили жана адабият мугалимдерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад облустук усулдук борборунун 25.11.2015 №73/1 буйругу боюнча Токтогул районундагы №27 Аманкан Мамыров атындагы орто мектебинде  областык семинар болуп өттү. Семинардын максаты  Мамыров орто мектебинин кыргыз тил жана адабият мугалими Сатарова Алисанын иш тажрыйбасын областка жайылтуу болду.  Бул семинарга областык билим берүү усулдук борборунун директорунун орун басары Т.Турганбаева , областык билим берүү усулдук борборунун усулчусу Ж.Жолдошова жана Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Токтогул райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Т.Исраилов Областтык “Мугалимдер дуйносу” газетасынан А. Эшалиев   жана  Жалал-Абад областындагы баардык райондордогу мектептердин кыргыз тил жана адабият предмети боюнча мугалимдери катышышты.

    Семинар жогорку денгээлде өттү. Мамыров атындагы орто мектебинин мугалими Сатарова Алиса жана анын окуучулары өзүлөрүнүн окуу методикасын  келген  катышуучуларга ар кандай методтор менен айкалыштырып тартуулап жатышты. Жана кыргыз таарыхында өзүнүн орду менен белгилүү болгон Курманжан датканын өмүр баянын окуучулар сахналаштырып чагылдырып катышуучуларга тартуулашты.

       Семинардын өтүшүн келген катышуучулардын ар бири өз ойлорунда жогорку денгээлдеги даярдык менен өткөнүн сөз сүйлөп айтып өтүштү.

    Семинарды өткөрүш үчүн Токтогул райондук билим берүү бөлүмү жана Токтогул райондук профсоюз комитети колдоо көрсөтүштү.

Семинардын өткөрүш чоӊ эмгекти талаб кыларын баалап ошого карабастан семинарды жакшы өткөргөндүгү үчүн Мамыров атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабият предметинин мугалими Сатарова Алисага жана Бектурганова Гулзадага Токтогул райондук профсоюз комитети тарабынан Ыссык-Колго эс алуу үчүн путевка тапшырылды.