Жалал-Абад мамлекттик университетинде “Ден соолук” аттуу кышкы спартакиада болуп өттү.
Жалал-Абад мамлекттик университетинде профессордук-окутуучулар жамаатынын ошондой эле университетибиздин кызматкерлеринин ден соолугун чындоо жана алардын ортосундагы достукту бекемдөө максатында 18 жылдан бери салтка айланып калган “Ден соолук” аттуу кышкы спартакиада болуп өттү. Бул спартакиада 1998-жылы уюштурулуп, ошол жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Спартакиадага 7 факультеттен, 1 административдик башкаруу бөлүмүнөн жана 1 кичи көмөк көрсөтүүчү кызматкерлеринен турган 9 команда катышып; спорттун шахмат, тогуз коргоол, волейбол, баскетбол, мини футбол, стол үстүндөгү теннис, аркан тартыш түрлөрү боюнча таймашты. Ар бир команда эркектер жана аялдар жамаатына бөлүнүп, белгиленген шарттар боюнча оюн жүрүп жатты. Жыйынтыгына келгенде байгелүү орундарга “Педагогика жана маалымат технологиялары” факультети 1- орун, “ Медицина колледжи” 2-орун, “Жалал-Абад колледжи” 3-орунду ээлеп өз сыйлыктарын алышты. Калган командалардын катышуучулары ардак грамоталар жана башка кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.