Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад жашыл шаар

        2018-жылдын 17-март күнү Жалал-Абад шаардык билим берүү бɵлүмүнɵ караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерде жана мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда ишембилик ɵткɵрүлдү.

        Шаарыбызды кɵрктɵндүрүүгɵ жалпы 70 түп ак кайыӊ, 110 түп алма, 50 түп терек жана 50 түп арча,10 түп ɵрүк, ошондой эле 145 түп роза жана 10 түп жоогазын гүлдɵрү отургузулду.

        Б.Осмонов атындагы №5 мектеп гимназиясынын  педагогикалык жамааты, 5-11-класстарынын окуучулары ишембиликке автивдүү катышышты.      10-11-класстарынын атынан «Бүтүрүүчү бак-2018» аталган Ак кайыӊ сквери уюштурулду. Ага 70 түп Ак кайы, 10 түп арча  отургузулду.                  

        Ошондой эле Р.Азимов атындагы орто мектептин мугалимдери жана окуучулары менен «Биз таза шаар үчүн», «Мы за чистый город» аттуу лозунгтары менен мектеп жанындагы үйлɵрдүн айланасын жана жол жээгиндеги арыктарды  флешмоб кылып тазалап бак дарактарды отургузушту.

         Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык  комитетинин уюштуруу иштери  боюнча адиси - Максат Мамасыдыков.