Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарынын окуучулары Эл аралык олимпиадаларда!

Турция мамлекетинин Анталия шаарында 2019-жылдын 27-октябрынан таптып 4-ноябрына чейин болуп өткөн XI эл аралык предметтик  олимпиадага Жалал-Абад шаарынын М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 10 окуучусу катышып келишти.

Окуучулар 9 предмет боюнча күч сынашты.

  1. Биология
  2. Орус тили жана адабияты
  3. Математика
  4. Физика
  5. Этногеография
  6. География
  7. Англис тили
  8. Көркөм окуу
  9. Көркөм сүрөт

Жалпысынан олимпиадага 16 мамлекеттен 62 команда катышты. Жалал-Абад шаарынын окуучулары 32 медаль менен  кайтышты. Улуттук кийимдер сынагы боюнча Гран При, Окуучуларды аталган мектептин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нуриса Мараимова жетектеди.

Биз окуучулардын интелектуалдык жактан билимин жогорулатуу боюнча ушул сыяктуу Эл аралык олимпиадаларга катышууга көмөк көрсөткөн Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы. Калчаевге жана Профсоюздун Жалал-Абад шаардык шаардык комитетинин төрагасы К. Акуновго терең ыразычылык билдирем” – дейт мектептин директору Дамира Касымбекова.

Окуучуларды 5-ноябрь күнү Ош Эл аралык аэропортунан мугалимдери салтанаттуу  тосуп алышты.

 

Маалыматты даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы

Максат Мамасыдыков