Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарынын “Мыкты мугалими” тандалды

Жалал-Абад шаарындагы №13 Р.Азимов атындагы жалпы орто мектебинде "Жылдын мыкты мугалими-2023" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аземге Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков, мектеп директорлору жана мугалимдер катышышты.

Аталган сынакка Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептин арасынан 19 мугалим күч сынашты. Баш байгеге №13 Р.Азимов атындагы жалпы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими А.Асылбекова ээ болуп, ноутбук жана диплом тапшырылды. Эми ал сынактын областтык турунда Жалал-Абад шаарынын намысын коргойт.

Ал эми калган байгелүү орундарды камсыздаган жана сынакка катышкан катышуучуларга жергиликтүү бюджет тарабынан ар кандай номинациялар, дипломдор жана кызыктыруучу  белектер тапшырылды.

Жалал-Абад шаарынын мэри Э.Ормоков ийгиликке жетишкен мугалимдерди куттуктап, жергиликтүү бийлик билим берүү тармагын ар дайым колдой турганын айтты.

Ал эми Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М.Мамасыдыков “Жылдын мыкты мугалими-2023” кароо-сынагына катышкан жалпы мугалимдер Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайына эс алышаарын белгилеп өттү.

“Жылдын мыкты мугалими-2023” сынагына жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан сырткары 700миң сом акча каражаты "Алтын сертификат", "Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөргө, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине сыйлык катары берилмекчи.

Эскерте кетсек, 2022-жылы өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими-2022” кароо-сынагына Жалал-Абад шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан бир миллион сом акча каражаты бөлүнүп, баш байгеге автоунаа коюлган.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети