Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында “Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими” сынагы өтүүдө

23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү шаардагы мектептер арасында “Жылдын мыкты кыргыз тили мугалими” сынагын өткөрүп жатат.

Сынакка Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова, шаардык кеңештин депутаты Жанатхан Кебекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана мугалимдер катышты.

Сынак 4 турдан туруп, 3 күнгө созулат. Ага жалпы 14 мугалим катышып жатат. Жалал-Абад шаардык мэриясы сынак үчүн 30 миң сом акча каражатын бөлүп берген.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад шаардык КБКнын төрагасы М.Мамасыдыков