Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал - Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” фольклордук тааласында 40 (кырк) казан сүмөлөк кайнатуу менен башталып, кыргыздын улуттук даамдары, оюндары жана каада салттары чагылдырып кыргыз  үйлөр тигилди.

Алгачкы жолу Жалал-Абад шаарында “Сүмөлөк – 2019” аттуу фестиваль шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, шаардагы мекеме-ишканалар жана шаардык билим берүү бөлүмү шаардык профсоюз комитети менен биргеликте 3 (үч) казан сүмөлөк асышты.

Фестивалды шаар мэри М.Тагаев ачып, концерттик программалар менен коштолду.

Фестивалда “Мыкты ырчы”, “Мыкты бийчи”,  “Мыкты сүмөлөк” аттуу кароо сынактар уюштурулуп, ага билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер катышышып байгелүү орундарга ээ болушту.

 

Маалыматты даярдаган:

Жалал-Абад шааркомунун адиси

М.Мамасыдыков