Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында «Нооруз» майрамы белгиленүүдө

  Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев атындагы  №3 орто мектебинин эмгек жамааты сүмөлөк кайнатып Нооруз майрамын белгилешти. Концерттик программада кыргыз бийи, улуттук оюндар жана тушоо кесүү аземи болду.Мектеп директору Дамира Касымбекова жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы  Алтынай Жумабаева өз сөздөрүндө эмгек жамаатына калоо тилектерин айтып, мындай иш чаралар окуучуларга кадаа-салтты  үйрөтүүгө  жана тарбиялоого жакшы өбөлгө  болорун баса белгилеп кетишти. Майрамга  Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери жана билим берүү  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Максат Мамасыдыков катышты. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев – Мындай иш чаралар муну менен эле токтолуп калбайт жана башка мектептерде ачык сааттар жана тарбиялык сааттар өтөрүн айтып өттү.

Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси – Мамасыдыков Максат.