Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад шаарында 8- март эл аралык айымдар күнү белгиленди

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  шаардык комитети 8-март эл аралык айымдар күнү менен жалпы орто билим берүүчү мектептердин, бала-бакчалардын директорлорун куттуктап атайын белектерин жана ардак грамоталарын тапшырышты.

Шааркомдун төрагасы К.Акунов 8-Март – майрамдардын эӊ сулуусу, жагымдуусу, шаӊдуусу, көрктүүсү. Анткени аялзаты - бул ааламдын барктуусу, тийип турган күнү, кармап турган казыгы. Жаз менен жадырап кирип келген майрамыныздар менен деп жалпы аялзатын куттуктады.

Майрамдын урматына жалпы билим берүү кызматкерлери  Жалал-Абад облустук администрациясынын, облустук билим берүү  усулдук борборунун жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын,  шаардык билим берүү бөлүмүнүн, ардак грамоталары жана алкыштары менен Барпы Алыкулов атындагы облустук драм театрында сыйланышты.