Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад облустук профсоюздун VII конференциясы болуп өттү

2021-жылдын 27-апрелинде Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин жыйындар залында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук VII конференциясы болуп өттү. 

Конференцияга Кыргыз Республиксынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов, Ош облустук комитеттин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук Борборунун директору А.А.Токтосунов, 47 делегат, чакырылган меймандар, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү  катышышты.

Конференциянын жумушчу органдары бекитилди. Конференциянын күн тартибинде төмөнкү маселелер талкууланды:

1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2016-2020-жылдарда аткарган иштери тууралуу отчету жана ишмердиктин негизги багыттары жөнүндө.

2. Облустук текшерүү комиссиясынын отчету.

3. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин курамын бекитүү.

4. Облустук текшерүү комиссиясынын курамын бекитүү.

5. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасын шайлоо.

6. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин курамын түзүү.

1-маселе боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов, 2-маселе боюнча текшерүү комиссиясынын төрагасынын орун басары З.Алымбекова отчеттук баяндама жасашты. 2-баяндама делегаттар тарабынан кызуу талкууланды.

 

Облустук комитеттин жана текшерүү комиссиянын жаңы курамдары бекитилди. Облустук комитеттин төрагалык кызматына А.Исмиловтун, К.Болотбековтун жана Ж.Караеванын  талапкерликтери сунушталды. Уставтын талаптарына ылайык Ж.Караеванын талапкерлиги алынды.

Шайлоо ачык добуш менен өткөрүлүп, А.Исмаилов делегаттардын 39 добушуна ээ болуп төрага кызматына кайрадан шайланды.

Облустук комитеттин жаңы президиумунун курамы бекитилди.

Борборбук Комитетин төрагасы А.Т.Токтогулов жаңы курамды жана төраганы куттуктап, алдындагы милдеттер тууралу кеңри сөз сүйлөдү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров