Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда 5-октябрь мугалимдер күнү белгиленди

Райондун борбордук маданият сарайында эрте менен шаӊдуу музыка жаӊырып райондогу төрт жүздөн ашуун алдынкы мугалимдерди мектеп окуучулары гүл берип тосуп алышты.

Маданият сарайынын кире беришинде мугалим окуучулардын колдору менен жасалган көргөзмө жылдагыдан өзгөчөлөнүп талантуу окуучулар жасаган техникаларын көрсөтүп иштетип берүүгө жетишти.

Салтанатты билим берүү бөлүмүнүн башчысы ачып алгач сөздү райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондун акими Абдыкадыров Эмилбек Исакуловичке узатты райондун акими райондогу ийгиликтерге токтолуп жалпы мугалимдерге ийгиликтерди каалап алдынкы мугалимдерге ардак грамоталарын тапшырды. Көргөзмөгө катышкан окуучуларды да куру кол калтырбай кызыктыруучу белектер берилди.

 Салтанатты мугалим жана окуучулар тарабынан уюштурулган ыр, бийлер коштоп турду. Райондогу мекеме уюмдун жетекчилери жана айыл аймактын башчылары өздөрүнүн куттуктоолорун айтып ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын  тапшырышты .

 Салтанаттын акырында Райондук билим берүүнүн башчысы Турдукулова Чынара жана райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай агайлар да мугалимдерге жылуу сөздөрүн айтышып жогорку жактан келген ардак грамоталарды берүү менен райондогу ардагер мугалимдерге белектерин берип салтанатка катышкан жетекчилерге ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Даярдаган: уюштуруу тобу.