Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунда 1-октябрь карыялар күнү белгиленди

Райондун борбордук маданият сарайында карыялар күнүнө арналган салтанатты Жалал –Абад областынын Парпы театрынын жамааты алып барды алгач сөз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондун акими Абдыкадыров Эмилбек Исакуловичке берилди. Э.Исакулович райондун бардык аймактарынан келген карыяларды куттуктап ден соолук узак өмүр тилеп, райондун  атуулу, үлгүлүү ата-эне деген наамдарды ыйгарды. Райондун бардык булуӊ бурчунан келген карыяларды айыл аймагынын башчылары, мекеме уюмдун жетекчилери куттуктап белек бечкектерин тартуулады.

Райондун аксакалдар кеӊешинин  төрагасы С.Максымбеков, Бишкек шаарынан келген О.Жайлообаевдер жылуу сөздөрүн айтышты.

Салтанатты Жалал-Абад областтык Парпы театрынын жамааты “Адашкан адам” драмасын коюп ыр бийлер менен коштоду.

Күндүн түшүндө Ала-Бук ресторанында ысык тамак чай тартууланды чай үстүндө ырлар коштолду райондун акими бардык карыяларга белектерин тапшырып жыйынтыкталды.

Даярдаган: Уюштуруу тобу.