Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад областтык комитетинин кезектеги президиуму

Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Жалал-Абад  областтык  комитетинин  кезкектеги  президиумунун отуруму  болуп  өттү. 

Ага  райондук,  шаардык  комитеттердин  төрагалары,  областтык  комитеттин  жооптуу   кызматкерлери катышып, төмөндөгү маселелер  талкууланды.

  1. “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана кесиптик бирлик уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү: милдеттер жана жоопкерчиликтер” республикалык форумунун резолюциясын жетекчиликке алуу жөнүндө
  2. 2024-жылдын 1-кварталында аткарылган иштердин отчету. (райшааркомдордун төрагалары жазуу жүзүндө маалымат беришет).
  3. Облустук спартакиаданы өткөрүү жөнүндө.
  4. Бардык райондук, шаардык комитеттерде жайкы эс алуу боюнча болжолдуу иш пландарды түзүү. (көчүрмөсүн обкомго сунуштоо)
  5. “Мыкты көрктөндүрүлгөн жана жашылдандырылган билим берүү уюму областтык кароо-сынагынын Жобосун бекитүү жөнүндө
  6. Ар түрдүү маселелер

Президиум каралган  маселелер боюнча  тийиштүү  токтомдорду  кабыл  алды.

 

Маалыматты  даярдаган : Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору,  А.Айдаров.