Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин 7-конференциясы

2020-жылдын 24-декабрында Жалал-Абад  Мамлекеттик  Университетинин  профсоюздук  комитетинин 7-отчеттук  кайра  шайлоо  конференциясы  болуп  өттү. Конференцияга  билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин уюштуруу  бөлүмүнүн  башчысы  Бегматов  Анарбай  Турдукулович, обкомдун укук  жана эмгекти коргоо  боюнча башкы  техникалык  инспектору Айдаров  Абдираим  Чонахунович, ректор Усенов Кеңешбек Жумабекович   жана  20  делегат   катышты. Конференцияда  профкомдун 2015-2019-жылдардагы  аткарган  иштеринин  отчету  жана  тешерүү  комиссиясынын 5  жылдык отчетү угулду. Делегаттар  профкомдун  отчетун  канааттандыррлык  деп  баалап,   текшерүү  комиссиясынын  отчетун  бекитти. Делегаттар  профкомдун   жана  текшерүү  комиссиясынын  ,президиумдун  курамдарын шайлашты. ЖаМУнун профкомунун  төрагалыгынын   талапкерлигине  жаңы  курамдын  мүчөлөрүнөн  Маткаримова  Минавар сунушталды. Башка талапкер  болгон  жок. Ачык добуш берүү   менен  делегаттар  Маткаримова  Минаварды  төрайымдыкка  шайлашты. Делегаттар  Болотбеков Кубынычбек  Мадановичке  университеттин  профсоюздук  уюмунун ишмердүлгүн  көтөргөндүгү үчүн  ыраазычыктарын  айтып,  жакшы  тилектерин билдиришти.

Материалды  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.