Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал- Абад облусунун Кара- Көл шаарында “Жылдын мугалими-2016” сынагы болуп өттү

«Жылдын мыкты мугалими-2016» сынагында жеңүүчү болгон, Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген 39 жаштагы Фаризат Тагаева төкмө акындык жана дастанчылык өнөрдүн да ээси, мыкты мугалим болду.

Мугалим аймактык кабарчы менен болгон маегинде, 1976-жылы Аксы районунун Ак-Суу айылында төрөлгөнүн, 1993-жылы Кадыркул Шеркулов атындагы орто мектепти аяктаганын, 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөнүн айтып берген.

«5-класста 1 жыл комуз ийримине катышып, 1-2 күү үйрөндүм. Кийин ал ийрим жоюлуп, өз алдымча комуз ойноп баштадым. 4-класстан баштап ыр жаза баштадым. Ыр жазуу хоббим. Бир күн кечке жаза турган ырымдын, саптары эсиме келип, ичимден кайталап, анан жазам. Ырды бир эле жолу жазам, кийин ал темага, кайра кайрылып, ыр саптарды оңдоп-түздөбөйм. Көбүнчө философиялык, жаш балдардын жан дүйнөсү, көңүл сергитип, бирөөнүн жарпын жазган мактоо ырларын жазам», - дейт ал.

Ал чоң атасы Тагай төкмө акын болгондугун, өзүнүн төкмөлүк жөндөмү ал кишиден өтүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Фаризат айым салттуу ырларды, айтыштарды, элдик санат, дастандарды ырдайт. Эл ичинде айтылган кээ бир окуяларды, уламыштарды кайра баштан иштеп чыгып, обон жаратып, дастан кылып айтып чыгууга кызыгат. Маселен, Оштун 3000 жылдыгына карата, Курманжан датканын уулу Абдылдабектин сүйүүсү жөнүндө дастан жараткан.

Дастанда Абдылдабек ашкан сулуу, сөзмөр, чебер Айша деген кызга үйлөнүп, ал каза болуп калып, кийин 3 жыл кыз жакпай, үйлөнбөй жүрүп калгандыгы айтылат. Апасы Курманжан балким аялы Айшага окшоштуруп жактырып калар деп баласын балдыздарына жөнөтөт. Абдылдабек балдызы Тилланы жактырып калат.

Ф.Тагаева бул окуяны Курманжан датканын урпагы Патила Жусуевадан угуп, «Беш көкүл» деген дастан чыгарган. Дастанды Оштун 3000 жылдыгында ырдап чыгып, эл аралык сынакта 2-орунду ээлеген.

«Ырларымды жазып, гезит-журналдарга жарыялоого кызыккан мезгил эгемендүүлүк жылдардын башына туура келди. Ал кезде элдин социалдык-экономикалык абалы жакшы эмес эле. Өткөөл мезгил болчу. Ошол кезде ыр жазып, эл алдына чыгаргым келген. Бирок жогорудагыдай жагдай эле», - деди ал.

Ф.Тагаева үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.