Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал- Абад областынын Кара-Көл шаарында облустук мугалимдер арасында «Ден соолук - 2016» спартакиадасы болуп өттү.

   Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземине шаардын вице-мэри Гулмира Сатарова, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Кубанычбек Мурзакматов, Жалал-Абад облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, улуттук даражадагы калыс Гүлмира Жаркынбаева жана башка кызматкерлер, жетекчилер катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча 10 команданын ичинен спорттун беш түрү боюнча ат салышып, командалык 1-орунду Жалал-Абад шаары, 2-орунду Токтогул району, 3-орунду Аксы районунан келген мугалимдер ээлешти. Жеңүүчүлөр Кубок, диплом, грамота, медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, спартакиада Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлдү. Кийинки жылы мугалимдер арасындагы спартакиада Токтогул шаарында өтмөкчү.