Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакында өз ишин баштаган Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУнун) санаторий-профилакторийи жөнүндө кыскача маалымат.

ЖАМУнун профсоюздук комитетинин торагасы, профессор Болотбаев Каримбектин демилгеси менен башталып профкомдун акыркы үч жылдан берки жүргүзүп келе жаткан иш-аракеттеринин ишке ашышына университетибиздин ректору, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, с.и.к., профессор Акунжан Баказович Абдрашевдин түздөн-түз киришүүсү, ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү аркылуу жана Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун колдосунун негизинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин санаторий-профилакториясы апрель айынан баштап өз ишин баштады.

Анын ачылышына КРнын билим берүү жана илим министри К,Ж.Садыков, Кыргызстан профсоюздарынын федерациясынын кеңешинин төрагасы А.Т.Токтогулов, КРнын Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси академик А.Ж.Жайнаков, профсоюздардын Жалал-абад областык кеңешинин төрагасы З.Ж.Жусмаматов, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Жалал-абад областык комитетинин төрагасы К.С.Мурзакматов, Жалал-Абад шаарында жайгашкан океуу жайлардын ректорлору, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Жалал-абад областык жана шаардык администрациясынын, облакстык саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрү, Жалал-Абад мамалекеттик университетинин факультеттеринин декандары, колледждеринин директорлору, кафедра башчылары, профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттеринин өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар профилакториянын иштерине ак жол тилешти, студенттердин өкүлдөрү анын ачылышына салым кошуп, көмөк көрсөткөндөргө терең ырызы экендиктерин билдиришти.

Анын 1-агымында ЖАМУнун студенттик профсоюздарынын 1540 мүчөсүнүн төмөндө көрстүлгөн бөлүмдөрүнөн:

Педфактан - 5; Табият таануу факультетинен - 4;

Маалымат коммуникация технодогиялык факультетинен -3;

Социалдык-гуманитардыке факультетинен - 4:

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен-4;

Эл аралык мамилелер жана дүйнө тилдери факультетинен-5;

Орусс филологиясы жана адабияты факультетинен - 4;

Медициналык факультеттен - 4;

Экономика жана ишкердик факультетинен - 4;

Инженердик технологиялык факультетинен - 4;

Жалал-Абад коледжинен – 5;

Медициналык колледжден - 4

Жалпы 50 студент 16-апрелден 30-апрелге чейин эс алышты.

Путевкалар ЖАМУнун профсоюздук комитети тарабынан бөлүмдөрдөгү студенттердин санына жараша бөлүнүп берилүүдө.

Профилакторийдин башкы врачы болуп Макамбаев Жунусалы Жакыпович дайындалган жана ал жерде 4 медсестра, 2 ашпозчу, 1 кампачы, 3 санитарка, 1 тарбиячы эмгектенип жатышат. Профилакторийдин бардык шарттары бар. Комнаталар дайыма таза жана тыкан. Студенттердин ден-соолугун чындоого айрыкча көңүл бөлүнүүдө. Мындайча айтканда студенттер врачтардын толук көзөмөлдөрүндө болушуп, ар тараптан текшерилишип, даарыланышты жана ден-соолуктарын чыңдоо менен эс алышты.

2-агымы 3-июндан башталганы жатат.