Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жакшы эс алуу - ийгиликке өбөлгө.

Жакшы эс алуу - ийгиликке өбөлгө.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу мугалимдердин ден-соолугун чыңдоого, бекемдөөгө жана эс алуусуна өзгөчө көңүл буруп келет.

Ошондой эле Ноокен райкому да “Кочкор-Ата” санаториясы менен келишим түзүп, жыл бою райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген агартуу кызматкерлерин кезеги менен эс алдырып келүүдө. Бул жылы да санатория менен жаңы келишим түзүлүп, анын негизинде жыл ичинде 34 билим берүү кызматкери ден-соолугун чыңдоого жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Мугалимдер ал жерде ден-соолугуна кам көрүп, эс алуу менен гана чектелбестен, мугалимдердин арасында ишке болгон кызыгууну, эмгегинин бааланып жаткандыгын да сезишет.

Азыркы күндө Кочкор-Ата санаториясында 4, Голубой Иссык-Куль санаториясында 4, Ысык-Ата курортунда 2, Жалал-Абад курортунда 2 билим берүү кызматкерлери эс алууда.

Бул иш мындан ары да колго алынып, үзгүлтүксүз улантылмакчы.

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров