Жайкы эс алууну уюштуруу - кесиптик бирлик уюмдарынын ишмердигинин негизги багыттарынын бири
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитети Билим берүү жана илим министрлиги менен Борбордук Комитеттин ортосунда түзүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн уюштуруучулук иштерди жүргүзүп, жайкы эс алуу иш-чараларын баштады. Бул багытта райшааркомдор өздөрү тараптан түзүлгөн Макулдашуулардын жана иш-чаралардын негизинде билим берүү кызматкерлерин ден соолугун чындоо, эс алдыруу чараларын уюштурууда.
Жалал-Абад обкому «Жалал-Абад» санаторийи менен келишимдик негизде жолдомолорду алып, райшааркомдорго таратып, билим берүү кызматкерлеринин эс алуусуна шарт түзүп берди.
Профсоюздун Токтогул райкомунда (төрагасы Т.Исраилов) бүгүнкү күндө саамал ичүү менен 1-агымда 60 кызматкердин ден соолугун бекемдөөгө шарт жаратып берди.
Профсоюздун Сузак райкому (төрагасы А.Орозалиев) Мамакеев атындагы, Кочкор-Ата санаторийлери менен келишимдик негизде иштеп, мугалимдердин эс алууларын уюштурду.
Профсоюзудун Ноокен райкому (төрагасы К.Нышанов) Кочкор-Ата санаторийи, Арстанбап пансионаты, Арстанбап-Ата турбазасы менен келишимдик негизде билим берүү кызматкерлерин жана райондун балдарын эс алуусун уюштуруу башталды. Райондо жергиликтщщ бюджеттин, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн каражаты менен 2 агымда 215 баланын эс алдырышты. Мектептерде 1-агымда күндүзгү эс алуу борборлору иштеп, аларда 1865 жаш жеткинчектер жайкы каникулдарын максаттуу өткөрүштү. Учурда 2-агым улантылууда.
Профсоюздун Ташкөмур шааркомунда (төрайымы Г.Эргешова) , Аксы райкомунда (төрагасы С.Камчыбеков) билим берүү кызматкерлерин экскурсиялык жол менен эс алуу уюшкандыкта өткөрүлүүдө.
Облуста жайкы эс алууну уюштуруу жана координациялоо боюнча штаб түзүлүп, пландын негизинде иш жүргүзүлүүдө.