Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуудан кийин баштапкы профсоюз уюмдардын төрагалары Борбордук комитетке жана Баткен областтык комитетине ыраазычылык айтышат

   Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети жана  Баткен областтык комитети биргеликте баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары үчүн  эс алдыруу уюштурулган.

    Баткен областы боюнча  40 баштапкы профсоюз уюмунун төрагаларын областтык комитети З.Бөтөков жетектеген  топ Ыссык-Көл районун тамчы айылындагы эс алуу үйүндө эс алышты. Эс алууга барган төрагалар  Ысык-Көлдүн  Чолпон Ата шаарындагы  көгүлтүр Ысык көл, Ала-Тоо эс алуу жайларында жана  Бостери  айылындагы  Алтын кум эс алуу жайларында экскурсияда болушту. Андан тышкары туздуу көлгө саякат жасашты. Эс алуунун жүрүшүндө райондор арасында  ыр кесе уюштурулуп, «баштапкы профсоюз уюмунун төрагаларынын ишмердүүлүгү» деген темада  окутуу семинары өткөрүлдү. Ошондой эле Баткенден Ыссык Көлгө чейинки  аралыктагы Кыргызстандын жана Бишкектин  кооз жерлерине саякат жасашты.

    Эс алууга барган Баткен областынын баштапкы профсоюз комитетинин төрагаларынын атынан Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго жана Баткен областтык комитетке эс алууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Баткенден он бир агай жөнөп калдык,

Ошко келип жука кийим сатып алдык.

Лейлектен, Кадамжайдан үч шаардан,

Тамчыда кырктай агай бир катталдык.

 

Баткенден да Кыргызстанга чыксак болмок,

Сармерден ыр кесесин бирге ойноп.

Кадамжай, Лейлек, Баткен бирге болуп,

Чыгабыз профсоюз турса колдоп.

 

Семинарлар байма бай өтүп жатты,

Мугалимдер көтөрөлбай үй камакты.

Түштөн кийин чыдабай жөнөп калат,

Унаа жалдап тескейдеги туз тарапка,

Чолпон Ата, Бостери, көгүлтүр Көл

Түшкө чейин ар бирин көрүп жатты.

 

Бостериде кезиктирдик ак кемени,

Аны менен кездик го биз кыйла жерди.

Алыкул мактаганча бар экен го,

Акылдуу көрбөдүм го мындай элди.

 

Ыссык көл суусу жылуу туздуу экен,

Жайкалган жапжашыл көл түбү терен.

Аянты бир облус жерди ээлеп,

Баткырып канча адамды койну кенен,

Ыссык көл кыргызымдын кооз жери,

Мактанам түбөлүккө сени менен.

 

Бардым мен кыдырууга көнүлүм ток,

Баткенден барган балдар өтө эле шок.

Бир жумадай балдар кыздар ойноп кайттык.

Бир гана көлдү көрдүм Алыкул жок.

 

Ыссык Көл бир ажайып кооз жерде,

Балыкчы деп жазып турат киреринде.

Бардыгы эркек аял жука кийим,

Бир бирине сүйлөп жатат ар кыл тилде.

 

Кыргызстандын бул чети Баткен экен,

Наркы чети адашпаймын көлдү  десем.

Ар бир инсан тирилик деп жүрө бербей,

Кыргызга парз экен го барып келген.

 

Баткен районундагы Кыштут орто мектебинин

профсоюз уюмунун төрагасы                                                     Т. Айдаров