Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуунун жүрүшү талкууланды

2019-жылдын 3-июлунда  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  алдында   жайкы   эс  алууну уюштуруу  боюнча түзүлгөн  штабдын  отуруму  болуп   өттү.

Кеңешмени  штабдын  башчысы, обкомдун   төрагасы  А.Исмаилов  ачып,  билим  берүү  кызматкерлеринин  балдарынын  эс  алуусу кандай  жүрүп  жаткандыгы  боюнча райшаарком  төрагаларынын  маалыматтарын  укту.

Билим  берүү  кызматкерлеринин  жайкы  эс  алуусу  райшааркомдор  тарабынан  уюштурулушунун   жүрүшү  боюнча  штабдын  мүчөлөрү:  А.Бегматов,  А.Айдаровтор  маалымат  беришти.

Төрага А.Исмаилов Ысык-Көлдө  өткөрүлүүчү  республикалык  профсоюздук  иш-чаранын даярдыгы  боюнча   штабдын  мүчөлөрүнүн,  райшааркомдордун  төрагаларынын,  жаштар  кеңештеринин  мүчөлөрүнүн  ой-пикир, сунуштарын угуп,  өткөрүүнүн  план-долбоорун   сунуштады.

Штабдын   отуруму  каралган   маселелер  боюнча  тийиштүү токтомдорду  кабыл   алды.

 

 

Материалды  даярдаган: 

Обкомдун инспектору

А.Айдаров