Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуу жакшы өтүүдө

Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында жайгашкан А.Тагаев атындагы №18 орто мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү Жалал-Абад санаториясына барышып, эс алуу жайында дем алып келишти.

Кыргызстандын белигилүү курорттук жерлеринин бири болуп Жалал-Абад санаториясы эсептелет. Санатория илгертеден бери эле өзүнүн дарылык касиети бар суулары менен белгилүү. Дары сууларынан ичип, эс алуу жайларында болуп келүү, адамга жакшы маанайды тартуулап, ден соолукка пайда алып келет.

А.Тагаев атындагы №18 орто мектебинин кесиптик бирлик мүчөлөрү жайкы эс алуга барып келүүгө колдоолор үчүн Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов