Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жагымдуу шарттар түзүлдү

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү жана Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги болуп үч тараптуу макулдашуу кол коюлуп, бекитилген.

Анын 1-пунктунда баланын саны көп болуп, кошумча корпуска, класска муктаж болгон мектеп жана бала бакчаларга кошумча корпустарды куруу боюнча маселелер көрсөтүлгөн.   Ага ылайык Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин спорт залынын жаңы имараты жана И.М.Губкин атындагы №14 жалпы билим берүүчү орто мектебинин кошумча окуу корпусунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президенттин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Ноокен Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Ишенбеков, жергиликтүү жетекчилер, шаар аксакалдары жана тургундары катышты. Н.Исанов мектебинде 804 окуучу билим алат, анын ичинен 195 окуучу жатаканада жатып окуйт. Аталган мектептин спорт залы эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен пайдаланууга тыюу салынган эле. Буга байланыштуу мындагы окуучуларга шарт түзүп берүү жана аларды спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатында жаңы заманбап шарттары менен спорт залдын имараты курулуп пайдаланууга берилди. Спорт залдын курулуш иштери райондук өнүктүрүү фондунан жана жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

И.М.Губкин атындагы №14 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 2211 окуучу билим алат. Окуучулардын саны көп болгонуна байланыштуу кошумча окуу имаратын куруу зарылдыгы пайда болгон. Мындай кырдаалды жоюу максатында аталган мектепке 240 орундуу кошумча окуу корпусунун имараты курулуп пайдаланууга берилди. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 2023-2024-окуу жылында пайдаланууга берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Т.Кулназарова - И.Губкин атындагы №14 орто мектептин баштапкы кесиптик бирлик комитетинин төрайымы