Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жагымдуу эс алуу - ийгиликтүү иштердин өбөлгөсү

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жамааты быйылкы окуу жылын ийгиликтүү аякташып, эс алуу үчүн Чаткал районунда Ыдырыс-Ата сыйынуучу жайына барып келишти. Акыркы учурда жер жүзүн каптаган коронавирус илдети, окуунун онлайн жүрүшү билим берүүнү талаптагыдай уюштурууга залакасын тийгизбей койгон жок. Жергебизге тынчтык, ынтымак, элибизге токчулук, молчулук, жаркын келечек тилеп, жугуштуу оорулардан аман-эсен болууну каалашты. Эс алуудан жакшы ой максаттар менен кайтышты. Жакшы тилек жарым ырыс демекчи, мугалимдер Чаткал тоолорунда жагымдуу эс алышты.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райКБКнын кызматкери Н.Сейдилова