Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөндүк мугалимдер – Лейлекте

«2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында алдыӊкы иш-тажрыйбаларды үйрөнүү, тажрыйба алмашуу максатында Өзгөн районунун билим берүү тармагынын алдыӊкы, чыгармачыл мугалимдер делегациясы 19-ноябрь күнү Лейлек районунда болуп, билим берүү тармагындагы жетишкендиктер, алдыӊкы иш-тажрыйбалар менен таанышты. Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиӊирген мугалими» Гапыр Мадаминов агай жетектеген №3 эксперименталдык-гимназиясында болуп, иш-тажрыйбасы менен таанышышты.

Тажрыйба алмашуу семинарында катышуучулар  «Энелер мектеби»  боюнча сабакка, эксперименталдык борбордун иши, «Акыл эмгегинин маданияты  сабагынын мааниси», «Энелер мектебинин мааниси жана тажрыйбага киргизүү жолдору»,  «Жаш мугалимдер мектебин» уюштуруу жолдору, «Кругозор сабагынын мааниси»  деген темаларды камтыган тегерек стол өткөрүлдү. Энелер мектебинде окуп жаткан энелер менен пикир алышышты. Семинардын катышуучулары Энелер мектебинин окуу-тарбия процессине тийгизген оӊ таасирлерине ынанышты.

Ал эми 20-ноябрь күнү Өзгөндүк делегация Исфана шаарындагы №1 жатак-гимназияда болуп, гимназиянын алдыӊкы иш-тажрыйбалары, гимназисттердин жашоо шарты, мугалимдерге түзүлгөн шарттар, жаш адистерге колдоо көрсөтүү багытында алып барылып жаткан иштер боюнча тегерек стол өткөрүлүп пикир алмашуу жүргүзүлдү.  Өзгөндүк мугалимдер да жогорудагы маселелер боюнча иш-тажрыйбалары менен ой бөлүшүштү.

Эки күндүк Лейлек жергесинде болгон тажрыйба алмашуу иш-сапарынын жыйынтыктоо бөлүгүндө №3 эксперименталдык-гимназиянын директору Г.Мадаминов, №1 жатак гимназиянын директору А.Тагаева, Өзгөндүк делегацияны жетектеп барган Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов жана Лейлек РПКнын төрагасы А.Бердиев жолдоштор сөз сүйлөп эки райондун билим берүү тармагынын кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалашты.

                            Өзгөн РПК.