Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өзгөчө кырдал учурунда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат

Өзгөчө кырдал учурунда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат

 

         Билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитети да республикабызда «коронавирус» инфекциясына байланыштуу өзгөчө абал киргизилгендиктен билим берүү мекемелери жана алардагы профсоюз уюмдарынын төрага – төрайымдары, социалдык өнөктөштөр менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда бардык билим берүү мекемелериндеги профсоюз мүчөлөрү үйлөрүндө болушуп, дистанттык түрдө иштеп жатышат. Окуутулар Билим берүү, илим министрлиги тарабынан берилген нускамаларга ылайык Lib.kg., Okugov.kg., L.Bilim.kg жана башка телеканалдары, «Мега-24» сайттары аркылуу жүргүзүлмөкчү. Аларга карата учурда мугалимдер, тарбиячылар, билим берүү мекемелеринин жетекчилери үйлөрүндө даярдык иштерин жүргүзүшүүдө. Азыр бардык айылдар карантиндик системада болгондуктан жержерлерге чыгууга мүмкүн болбой жатат. Ал эми уюлдук телефондор аркылуу байланыштар болуп жатат. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу карантиндик система бүтсө өзгөчө муктаждыктагы 15-20 профсоюз мүчөсүнө жардам уюштурууну пландап жатабыз.

 

Абдыкадыров Акылбек Кунаевич

Билим берүү кызматкерлеринин

Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы.