Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыров эскерилди

2021-жылдын 12-январында Ош шаарында залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алибаев, университеттин профессордук-окутуучулук курамы да катышып, залкар ырчынын эстегилигине гүл коюшту.

Өмүрүнүн акырына чейин ОшМУда эмгектенген, элдик композитор, ырчы, обончу Рыспай Абдыкадыровдун музейи ректор Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен быйылкы жылы кайрадан жаңыртылып, санариптешип жаңыдан пайдаланууга берилген ОшМУнун алдындагы алдыңкы тажрыйба борбору болгон Индустриалдык-педагогикалык колледжинде ачылган. Заманбап типке ылайыкталып жасалгаланган, санариптешкен музейде аудио гид иштейт. Учурда музейге келген коноктор 3 тилде (кыргыз, орус, англис тилдеринде) улуу талант Р.Абдыкадыров жөнүндө маалыматтар менен тааныша алат.

Залкар таланттын туулган күнүнө карата ОшМУнун искусство факультетинин мугалимдери жана студенттери Р.Абдыкадыровдун "Койчунун ыры" аталыштагы чыгармасын аткарып, угармандарга тартуулашты.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келген. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен. Залкар талант көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Абсамат Саттаров