Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өз ара мелдеш уюштурулду

     Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитети "2017-жыл-тармактагы Адептүүлүк жана укуктук маданият" жылынын  алкагында Кемин районунун билим берүү мекемелеринде иштеген профсоюз мүчөлөрүнүн   арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдеште  мугалимдер төрт аймакка бөлүнүшкөн. Аймакта биринчи орунга жетишкен команда райондук мелдешке катышууга укук алышып, 1-апрель күнү Кемин № 3 орто мектебинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Ак-Түз, Кемин, Кызыл-Суу орто мектептеринде иштеген мугалим кыздар катышып, кызыктуу таймаш болду.Натыйжада Кызыл Суу орто мектебинин кыздары 1-орунга, Кемин № 3 орто мектебинин мугалимдери 2-орунга жана Ак-Түз орто мектебинин мугалимдери ээ болушту.
     Мелдештин жеӊүүчүлөрүнө  Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин бюджетинин эсебинен акчалай сыйлыктар "Ардак Грамоталар" тапшырылып, мелдешке катышкан мугалимдер Райондук профсоюз комитетине жакшы маанай тартуулагандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.