Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык – Көл облусундагы Балыкчы шаарында ардагер мугалимдерден түзүлгөн “ Айым – эне “ фольклордук – этнографиялык тобу жөнүндө

     2012-жылдын  23-апрелинде  президентибиз  А. Атамбаевдин  Кыргыз  Республикасында  май  айынын  үчүнчү  жекшембиси  жыл  сайын  майрамдалуучу  Энелер  күнү  белгиленсин  деген  жарлыкка  кол  койгон.  Бул  жарлыктын максаты  Энелерге  көңүл  буруу. Энелерге  көңүл  буруу  деген  сөздүн  уңгусу -  келечекке  көңүл  буруу  дегенди  түшүндүрөт. Шаарыбызда  эс  алуудагы  мугалимдерден  топ  түзүү  идеясы  жаралды.  Топтун  катарындагылардын  арасында  кыргыздын  кол  өнөрчүлүгүн  билгендер,  ыр  жазгандар,  кыргыздын  музыкалык  аспаптарын  өздөштүрө  алгандар  башкача  айткада  чыгармачылыкка  жакын  ардагер  мугалимдерден  турган  “ Айым  эне” фольклордук-этнографиялык  топту  түзүлдүк.

     “ Айым  эне”  фольклордук – этнографиялык  топтун  максаты:  улуттук каада – салтты  сактоо, кыргыз  элинин  руханий  маданиятын  эл  арасына  жайылтуу,  элдин  ынтымагын,  биримдигин  сактоо, улуттар  арасындагы  ынтымакты  бекемдөө,  жаш  муундарды  ата-баба  салтына  карата  тарбиялоо.

      Шаардагы  мектеп  окуучулар арасында  жолугушуу  өткөрүп, кыргыз  элинин  байыртадан  бери  келе  жаткан  каада-салтын, ырым-жырымдарын,  адептик сапаттарын, руханий  маданиятын  жайылтуу  менен  эжелер  өздөрү  жазган  ырларынан  окуп, “ Айым – эне”  тобу  жөнүндө  айтып  берип  келишет.

     Топ  2015-жылы  февраль  айында  түзүлгөн.  23-февраь  Ата Мекенди  коргоо  күнүнө  карата  шаарыбыздагы  аскердик  бөлүктө  кызат  өтөп  жаткан  жоокерлерди  куттуктап, жоолугушуу  кечесин  өткөрдүк.

       Май  айындагы  энелер  күнүнө  карата  “ Айым-эне”  тобунун  ачылуу  аземи  шаардык  маданият  үйүндө  өткөрүлүп, шаар  жетекчилери,  коомчулук  өкүлдөрү  келишип, топтун  мүчөлөрүнө  ыраазычылыгын  билдиришти.   Шаардын  мэриясы,  шаардык  маданият  үйү  ар  тараптан  колдоолорун  көргөзүп  келишет.

      Акыркы  эки  жыл  аралыгында  “Айым  эне”  тобу  мектептерде, балдар  бакчаларында  болушуп, элибиздин  кол  өнөрчүлүгү,  каада-салты, ырым-жырымдары  жөнүндө  айтып  беришип, окуучулардын  кызыктуу  суроолоруна  жооп  беришип  аларды  элибиздин  салт-санаасы  аркылуу  тарбиялап  келишет. 

      Кыска  мөөнөттүн  аралыгында  “Айым  эне”  тобу  КТРКнын  “Замана”  студиясында,  “ Чуңкурчак”  жайлоосундагы  Супара-2  этно-маданий  жайында  Энелер күнүнө  арналган “Асылкеч  апалар”  программасында, Тарых, маданият,  тил  каналы  уюштурган  “Шайыр  апалар”  теле  сынагына  катышып,  2017-жылы  Таласта  өтө  турган теле  сынактын  Гала  концертине  жолдомо  алып  келдик. Шаарыбызда  болгон  маданий  иш-чаралардын  бардыгына  катышып  турабыз. Үстүбуздөгү  жылдын  август  айында  областык  мааниде  өткөн  “Унутулгус  мурастар”  аттуу  этно-маданий  сынакка  катышып  областа  экинчи  орунду  алып  акчалай  сыйлыкка  ээ  болдук.

     Кырчын  жайлоосунда  өткөн  “Бүткүл  дүйнөлүк  Көчмөндөр  оюунуна” топтун  кол  өнөрчүлөрү: Дүйшалиева Жыпар, Курманбекова Токон, Байгазиева Ырыскүлдөр  өздөрүнүн кол өнөрчүлүгүнөн  чыккан  буюмдарын  көргөзмөгө   шаарынын  атынан алып  барып  коюшуп, калыстар  тарабынан  бааланып,  алкыш  алышты. 

     “Айым  эне”  тобунун  кыска  мөөнөттүн  ичинде  ийгиликтерге  жетишине  топтун  көркөм  жетекчиси  “Наристе”  балдар  бакчасынын  музыканты  Кенже  Шаменованын,  № 6  Каралаев  атындагы  мектеп-лицейдин  музыка  мугалими  Сагира  Жунушеванын,  № 4  гимназия  мектебинин  кол  эмгек  мугалими  Ырыскүл  Байгазиеванын,  № 2  Ж. Бөкөмбаев  орто  мектебинин  кол  эмгек  мугалими  Жыпар  Дүйшөалиевалардын  салымы  чоң.  Алар  эс  алууга  чыкпастан, дагы  эле  жаш  муундарга  өз  билимдерин  берип  келишет  жана  топтун  активдүү  катышуучулары. Алдыда  дагы  көптөгөн  пландарыбыз  бар. Шаар  ичи  эле  эмес  областыбыздагы  айылдарга  да  барып, жоолугушууларды  өткөрүп, эл  арасында  ынтымакка  чакыруу  менен  маданиятыбызды  жайылтсак  дейбиз.

 

 

“Айым эне”  тобунун  жетекчиси№  4  гимназия  мектебинин  профсоюз  уюмунун  төрайымы:   Карачева Өмүргүл  Сулаймановна.