Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көлдөгү иш-чаралар

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин иш планына ылайык Жалал-Абад областынан кесиптик  бирликтин мүчөлөрү Ысык-Көлдөгү “Кызыл Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунда 30-июндан тартып 4-июлга чейин эс алууну пайдалуу иш-чаралар менен айкалыштырышты.

Эс алуунун биринчи күнү кесиптик бирлик мүчөлөрү “Ысык-Суу” ден соолукту чыңдоо борборунда болушуп, дарылануу жараяндарын башташты. Ошол эле күнү кечки тамак учрунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу учурунда билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө Борбордук комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер  тууралуу кеңири баяндама берилди. Берилген суроолорго, сунуштарга ынанымдуу жооптор айтылды.

Аны менен катар жолугушуу учурунда катышуучулардын өздүк майрамын белгилеп жаткан кесиптештерге куттуктоолор айтылып, белектер тапшырылды. Катышуучулар Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловго жана Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаиловго кесиптик бирлик мүчөлөрү үчүн көрүлүп жаткан  камкордуктары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Андан тышкары эс алуучуларга “Жети-Өгүз” санаториясына экскурсия уюштурулуп, санаториянын аймагы жана ишмердиги менен да таанышышты.

Эс алуунун үчүнчү күнү кесиптик бирликтин райондук жана шаардык комитеттеринин төрагалары үчүн “Профсоюздук кружокторду уюштуруу”  темасында семинар өткөрүлүп, анда областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов, техникалык инспектор А.Айдаров, Базар-Коргон райондук  комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев кружокторду уюштуруу тууралуу усулдук материалдарын слайддар менен баяндап беришти. Борбордук комитеттин кружокторду уюштуруу жөнүндө усулдук колдонмосу таратылып берилди.

Ушул эле күнү областтык комитеттин президиумунун кезектеги отуруму да болуп, анда төмөнкү маселелер талкууланып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

Президиумдун күн тартиби:

1. Областтык комитеттин эл аралык кызматташтыгы жөнүндө.

2. Өзбекстандык делегацияны тосуп алуу жөнүндө.

3. Областта “Жайкы эс алуу-2023” иш-чараларын уюштуруу жөнүндө.

4. Кесиптик бирлик уюмдарынын документтерин архивге өткөрүп, сактоонуу уюштуруу жөнүндө.

5. Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаардык комитеттеринин шайланган төрагаларын бекитүү жөнүндө.

6. Ар түрдүү маселелер.

Ал эми эс алуунун төртүнчү күнү “Манжылы-Ата” комплексине зыярат уюштурулду. Катышуучулар жамааттары менен областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов менен эстелик сүрөттөргө түшүштү.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров