Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ысык-Көлдөгү эс алуу

2023-жылдын 14-августунан тартып 18-августуна чейин 4 күн аралыгында Аксы районундагы билим берүү мекемелеринде иштеген 8 кызматкер кыска мөөнөттүү эс алууга Ысык-Көлгө жиберилди.

Бул кызматкерлердин жатаканасы, тамак-ашы кесиптик бирликтин Аксы райондук комитетинин эсебинен төлөнүп, ойдогудай эс алуу үчүн шарттар түзүлүп берилди.

Бир жыл бою талыкпай иштеп, балдарга билим берип келген мугалимдер аз убакытка болсо да мээ сергитип, көл жээгинде эс алып келишти. Алар эс алууну уюштурган кесиптик бирликтин райондук комитетине ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети