Ысык-Көлдө балдар көңүлдү эс алып келишти
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Тогуз-Торо райондук комитети Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан бөлүштүрүлгөн жолдомонун негизинде Тогуз-Торо районундагы билим берүү уюмдарында эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун көңүлдү өткөрүү максатында Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылындагы “Илим” балдардын эс алуу борборунда 20 бала 4-августан 14-августка чейин эс алып келишти. “Илим” балдардын эс алуу борборунда балдардын эс алуусуна жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, ата-энелер Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.
Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Тогуз-Торо райондук комитети